Ош шаарындагы «Келечек» базарында өрт чыкты

Ош шаарындагы «Келечек» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт 15-октябрга караган түнү саат 00:21 чамасында ашканадан чыккан.   Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары электр тармагы кызматынан 1 бригада жана ИИМдин… Кененирээк…

Улуу Британия тургуну өзгөчө рекорд орнотту

Улуу Британия тургуну өзгөчө рекорд орнотту. Эркек бир сутка ичинде 51 кафеге барды. Ар биринде ал жок дегенде 125 милилитр каалаган суусундук ичиши керек болчу.   Ал мекемеге келгенин, суусундукту сатып алганын жана аягына чейин ичкенин далилдөө үчүн бул учурда аны камерага тартып турушту. Жыйынтыгында,… Кененирээк…

Парламенттик шайлоодо бюллетенге кире турган партиялардын алдын-ала тизмеси түзүлдү

Парламенттик шайлоодо бюллетенге кире турган партиялардын алдын-ала тизмеси түзүлдү.   БШКнын маалыматына ылайык, анда 23 саясий уюм бар. Алар бардык документтердин топтомун Шайлоо комиссиясына 18-октябрга чейин тапшырышы керек.   Ал эми ага чейин 1 миллион сом күрөө акысын бериши зарыл. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта күндүз электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта күндүз электр энергиясы өчүрүлбөйт.   Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, белгиленген мөөнөткө чейин энергетиктер бардык оңдоо иштерин аягына чыгарышы керек.   Буга байланыштуу, жарык маалы менен өчүрүлбөй калат, бирок авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн, — дешти министрликтен.

Бишкекте 60 сүрөтчүнүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө

Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган «Бейне» көргөзмөсү ачылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белгилешкендей, иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде орун алып, анда 60 сүрөтчүнүн эмгектери коюлду. Көргөзмөдө түрдүү техникада жасалган графика, живопись, скульптура жана керамикадан жасалган жүздөн ашык эмгектерди… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 12 миллион метр кубга азайды

14-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 258 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.   «14-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 258 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши… Кененирээк…

Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу берилбейт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 19-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин шаардын айрым аймактарында таза суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо… Кененирээк…

Кыргызстандагы мугалимдердин 85% аялдар

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жалпы 82 миң мугалим иштейт, алардын 85% аялдар. Бул тууралуу KG Analytics интеллектуалдык фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылды.   Мектептерде иштеп жаткан аял мугалимдердин дээрлик жарымы пенсия курагындагы, жашы элүүдөн өтүп калгандар.   «Жыл сайын өлкөдө эки миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын 60% окуу программасын толук түшүнбөйт

Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 60% окуу, математика жана табият таануу боюнча сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетишпейт. Башкача айтканда, алар мектептеги окуу программасын толук түшүнбөйт.   Мындай тыянакты окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык, улуттук системаны иликтеген KG Analytics интеллектуалдык фонду чыгарды. «Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын билими… Кененирээк…