Бишкек мэриясы коомдук унааларда жол киренин эмне себептен көтөрүлгөнүн айтып берди

Бишкек мэриясы коомдук унааларда жол киренин эмне себептен көтөрүлгөнүн айтып берди.

Алсак, унаалардын саны кыскарды, 3,5 миң машиненин ордуна учурда калаа тургундарын

1 миңден ашпаган унаалар ташып жатат. Ошондой эле айдоочулардын дагы курч

жетишсиздиги сакталууда. Андан тышкары, тарифтердин көтөрүлүшүнө унаа

тетиктери жана күйүүчү майдын кымбатташы себеп. Ушул факторлорду эске алуу менен

Бишкек шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү чечимин кабыл алды. Учурда кардарларды

тейлөөнүн күчөтүлгөн талаптары дагы иштелип жатат. Эске салсак, 1-ноябрдан тартып

маршруттук таксилерде жол кире 15 сом, автобус, троллейбустарда 11 сом болот.