Бүгүнтөн тартып Ош жана Нарын шаарларында жылулук берилип баштайт

Бүгүнтөн тартып Ош жана Нарын шаарларында жылулук берилип баштайт. Аталган калааларда от казандар ишке киришүүгө толук даяр. Салтка айлангандай алгач социалдык мекемелердин батареялары жылып баштайт, андан кийин көп кабаттууу жана борбордук жылуулукка кошулган керектөөчүлөргө жеткиликтүү болот. Эске салсак, буга чейин Бишкек, Каракол, Кара-Балта жана Токмок… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кыймылга чектөөлөр тоолордогу калың кардан улам киргизилди жана ал канчага чейин созулат белгисиз. Бирок, жеңил унаалар көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүнөн эч кыйынчылыгы жок эле өтө алышат.… Кененирээк…

Бишкекте окуучуларды аралыктан окутуу маселеси каралган жок

Бишкекте окуучуларды аралыктан окутуу маселеси каралган жок. Бирок, учурда балдар арасында сасык тумоо менен курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар өсүп жатат, — деп билдирди вице-мэр Виктория Мозгачева. Ал белгилегендей, коронавирус жуктуруп алуу дагы коркунучу бар. Андан улам, мектептерде бет кап тагынуу сунушталат. Анын ортосунда, окуучулардын… Кененирээк…

Кыргызстандын улуттук курама командасы FIFA рейтингинде 2 сапка көтөрүлдү

Кыргызстандын улуттук курама командасы FIFA рейтингинде 2 сапка көтөрүлдү. Александр Крестининдин командасы сентябрдагы тизмеде 98-орунда болчу. Учурда биздин футболчулар 96-катарда жайгашат. Бирок улуттук курама команданын упайы мурдагы эле 1 миң 230 менен турат. Рейтингдин сап башында Бельгия курама командасы. Бразилия экинчи сапта. Ал эми Франция… Кененирээк…

Баткен облусунун Кулунду айылында мектептин курулушу уланууда

Баткен облусунун Кулунду айылында мектептин курулушу уланууда. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 140 орунга ылайык, андагы иштер 75 пайызга аткарылды. Учурда полдорду орнотуу жана ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашырууга 55 миллион сом багытталат. Мектепти быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга… Кененирээк…