Парламенттик шайлоолорго катыша турган партияларды жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин созулат

Парламенттик шайлоолорго катыша турган партияларды жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин созулат. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржайн Шайлдабекова билдирди.   Анын айтымында, учурга карата документтердин толук токтомун 21 саясий уюм жана 337 бир мандаттуу талапкерлер тапшырды. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.   Добуш… Кененирээк…

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды. Калаа башчысын шайлоо бүгүн өттү. Кызматка 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу бекитилди. Ага шаардык кеңештин 31 депутатынын 16сы макул деп добуш берди. Эске салсак, буга чейинки калаа мэри Самарбек Болотбеков сентябрда өз каалосу менен жазган арызынын негизинде кызматын тапшырган.

Бишкекте 3 көпүрөнүн курулушу уланууда

Бишкекте 3 көпүрөнүн курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, кеп, Ак-Босого конушундагы 18 метрлик, Эне-Сай аймагындагы 31 метрге жеткен жана Сухэ-Батор көчөсүндөгү 24 метрлик курулуштар тууралуу болуп жатат. Иштер Архитектор, Гидростроитель жана Каралаев көчөлөрүндө жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, иштер “Жол тармактарын өнүктүрүү” долборунун 2-фазасынын алкагында жүрүп жатат.… Кененирээк…

Бишкектеги “Касым” конушундагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги “Касым” конушундагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, имаратта ремонт иштеригана жүрбөстөн, конструкциясы дагы бекемделет. Учурда биринчи кабаттын подорун жаңылоо иштери башталды. Эске салсак, былтыр мартта инженердик-техникалык текшерүүдөн кийин бала бакча авариялык абалда деп табылган. Андан бери бакча жабык турат.

Бишкекте көмүр сатуу базаларында рейд жүрүүдө

Бишкекте көмүр сатуу базаларында рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ордо калаадагы кара отун сатуу түйүндөрүнүн сатуучуларына бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда калк үчүн көмүрдүн тоонасы 4 миң 500 сомдон сатылышы керек. Калаа бийлигинен белгилешкендей, ушундай… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы «Арал» өткөрүү түйүнү унаалар үчүн жабылды

Бишкек – Ош унаа жолундагы «Арал» өткөрүү түйүнү унаалар үчүн жабылды. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, посттон убактылуу унаалардын бардык түрү өткөрүлбөйт. Бул, Ала-Бел ашуусунда кар тынымсыз жаап, унаа тыгыны пайда болгонуна байланыштуу. Ведомстводон эскертишкендей, алыскы тоолуу аймакка сапарга чыккан айдоочулар сөзсүз… Кененирээк…

Жайыл районунда аймактык оорукананын аянты кеңейтилди

Жайыл районунда аймактык оорукананын аянты кеңейтилди. Жергиликтүү администрациянын маалыматы боюнча, оорукананын реанимациялык бөлүмү оңдолуп, бейтаптарга жана кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлдү.  Кошумча корпустун жалпы аянты 306 чарчы метр. Имараттын суу түтүктөрү жана канализация тармагы жаңыланып, реанимация бөлүмүнө желдетүү системасы орнотулду. Андан тышкары, жандандыруу бөлүмү монитор… Кененирээк…

Ош шаарында мыйзамсыз курулган объектилер аныкталды

Ош шаарында мыйзамсыз курулган объектилер аныкталды. Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, уруксаты жок курулган 10 объекттин бары көп кабаттуу турак жайлар. Башкармалык мыйзамдын алкагында бардык тиешелүү чараларды көрдү. Факты укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө эми түнкүсүн дагы унаа менен жүрсө болот

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө эми түнкүсүн дагы унаа менен жүрсө болот. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билиришти. Маалыматка караганда, мэрдин тапшырмасына ылайык, буга чейин кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин борбордук аянтта унаалардын кыймылына киргизилген чектөө алынды.

Чүй облусунун Калинин айылында бала бакча пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Калинин айылында бала бакча пайдаланууга берилди. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Имарат 40 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Андагы суу түтүктөрү, канализация тармагы, ички, тышкы жасалгалоосу, эшик-терезелери жана чатыры жаңыланды. Бул максатта чет элдик уюм тарабынан 10… Кененирээк…