Баткен облусунун Кулунду айылында мектептин курулушу уланууда

Баткен облусунун Кулунду айылында мектептин курулушу уланууда.

Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү

мекемеси 140 орунга ылайык, андагы иштер 75 пайызга аткарылды.

Учурда полдорду орнотуу жана ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.

Долбоорду ишке ашырууга 55 миллион сом багытталат. Мектепти

быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.