Кытайлык компания Нарын облусунда электр станцияларын курат

Кытайлык компания Нарын облусунда электр станцияларын курат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Кытай компаниясынын өкүлү Цай Чжифандын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандум жетишилди.

 

Анын алкагында, Жумгал районунун Кызарт жана Семиз-Бел тилкелеринде, Кочкор районунда күн, шамал электр станциялары курулат. Иштер качан башталары азырынча белгисиз.