Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей,

кыймылга чектөөлөр тоолордогу калың кардан улам киргизилди жана ал канчага чейин созулат

белгисиз. Бирок, жеңил унаалар көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүнөн эч кыйынчылыгы жок эле өтө алышат.

Тилкенин кооптуу бөлүгүндө атайын унаалар иштеп жатат, тыгындар жок.

Айдоочулар бийик тоолуу аймактарга унаанын тайгакка каршы чынжыры жок чыкпашы зарыл.