Кыргызстандын улуттук курама командасы FIFA рейтингинде 2 сапка көтөрүлдү.
Александр Крестининдин командасы сентябрдагы тизмеде 98-орунда болчу.
Учурда биздин футболчулар 96-катарда жайгашат. Бирок улуттук курама команданын
упайы мурдагы эле 1 миң 230 менен турат. Рейтингдин сап башында Бельгия курама
командасы. Бразилия экинчи сапта. Ал эми Франция үчүнчү орунга көтөрүлдү.
Борбордук Азия өлкөлөрү арасынан Өзбекстан 84-орунда жайгашса,
Тажикстан 114, Казакстан 125-сапта турат жана Түркмөнстан 131-катарда.