Кыргызстанда 10 модулдук вирусологиялык лаборатория пайда болот

Кыргызстанда 10 модулдук вирусологиялык лаборатория пайда болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда курулуш иштери республиканын 10 аймагында жүрүп жатат. Алар, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл Талас, Ноокат, Ноокен райондору жана Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарлары. Аталган лабораториялардын ишке кириши менен жарандарга коронавируска карата изилдөөлөр жеткиликтүү болот. Медициналык… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы уланууда

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы уланууда. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, өлкөдө 31-октябрдагы бааларга салыштырмалуу бүгүнкү күндө дизелдик отун 2 сом 24 тыйынга кымбаттап бир литринин баасы 54 сом 26 тыйынга жетти. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 1 сом 21 тыйынга өсүп, учурда 62 сом 83 тыйындан… Кененирээк…

25-ноябрда Кыргызстанга «Moderna» вакцинасынын 115 миң дозасы келет

Эртең, 25-ноябрда Кыргызстанга «Moderna» вакцинасынын 115 миң дозасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди. Анын айтымында, препарат COVAX программасынын алкагында берилет. Вакцина эки күндүн ичинде Бишкектеги эмдөө түйүндөрүндө, ал эми аймактарда 1 жумада жеткиликтүү болот. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда «Sinopharm», «SinoVac»,… Кененирээк…

Милициянын полковниги Оторов Тилек Арсыбекович Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Милициянын полковниги Оторов Тилек Арсыбекович Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты бүгүн, 24-ноябрда АКИpress агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов тастыктады. Анын айтымында, министр Улан Ниязбеков дайындоо боюнча буйрукка кечээ, 23-ноябрда кол койгон. «Бүгүн эртең… Кененирээк…

«Түндүк электр» ишканасына жаңы директор дайындалды

«Түндүк электр» ишканасына Нурдин Осмонов башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Кечээ, 23-ноябрда, «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин жыйыны болгон. Анда буга чейин ишкананы жетектеп келген Азамат Кожомкулов өз ыктыяры менен кызматынан кеткен. Кеңеш анын арызын кабыл алып, бул… Кененирээк…

Бишкекте диагностикалык борборду балдар стационарына өзгөртүү иштери башталды

Бишкекте диагностикалык борборду балдар стационарына өзгөртүү иштери башталды. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, материалдык-техникалык базаны жана башка баалуу буюмдарды өткөрүү жүрүп жатат. Ведомстводон белгилешкендей, диагностикалык борбордун кызматкерлери жумушсуз калбайт. Бүт персонал балдар ооруканасында иштеп калса болот.

Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, кечээ жалпысынан 70 миллион доллар сатылды.   Белгилеп кетсек, жыл башынан бери банк улуттук валютаны колдоо максатында 11 интервенция өткөрүп, 524 миллион долларды эл аралык валюта рыногуна чыгарды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги калк менен тыгыз иштешкен компания жана уюмдар үчүн көчмө вакцинацияны ишке киргизди

Саламаттыкты сактоо министрлиги калк менен тыгыз иштешкен компания жана уюмдар үчүн көчмө вакцинацияны ишке киргизди.   Кеп кандайдыр бир себептер менен эмдөө түйүндөрүнө бара албай жүргөн саламаттыкты сактоо, транспорт, коомдук тамактануу тармактары жана маданий үйлөрдүн кызматкерлери тууралуу болуп жатат.   Ведомство коронавирустан вакцина алууну каалагандардын… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого карата 4 миң 800 оператор автоматтык урналар менен иштөөгө үйрөтүлдү

Парламенттик шайлоого карата 4 миң 800 оператор автоматтык урналар менен иштөөгө үйрөтүлдү. БШКнын маалыматына ылайык,  алар термо принтерди күйгүзүү, тесттик добуш берүүнү өткөрүү, участкалык шайлоо комиссиясынын протоколун серверге жөнөтүү тууралуу маалыматтарга ээ болду.   Тренингдин жүрүшүндө операторлор бюллетень урнага тыгылып калса, бул көйгөйдү жоюуну үйрөнүштү.… Кененирээк…

Салыктар боюнча туумдар жана айыптардын эсебинен мамлекеттик бюджетке  750 миллион сом түштү

Салыктар боюнча туумдар жана айыптардын эсебинен мамлекеттик бюджетке  750 миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Анын ичинен бюджетке 4 миң салык төлөөчү салык карызы боюнча 450 миллион сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 3,5 миңден ашык салык төлөөчү 310 миллион сом төлөдү.  … Кененирээк…