25-ноябрда Кыргызстанга «Moderna» вакцинасынын 115 миң дозасы келет

Эртең, 25-ноябрда Кыргызстанга «Moderna» вакцинасынын 115 миң дозасы келет.

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору

Гүлбара Ишенаписова билдирди. Анын айтымында, препарат COVAX

программасынын алкагында берилет. Вакцина эки күндүн ичинде Бишкектеги

эмдөө түйүндөрүндө, ал эми аймактарда 1 жумада жеткиликтүү болот.

Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда «Sinopharm», «SinoVac»,

«QazVac» жана «Sputnik Light» вакциналары бар.