Carchek сервиси аркылуу айыптарды текшерүү кызматы акысыз бойдон калат

Carchek сервиси аркылуу айыптарды текшерүү кызматы акысыз бойдон калат.   Санариптик өнүктүрүү министрлиги tunduk порталында жана Carchek электрондук сервисинде транспорттук каражаттар жана айдоочу күбөлүктөр боюнча маалыматты текшерүү кызматтары үчүн акы алууну демилгеледи. Бир сурамдын баасы болжол менен 10 сомду түзөт.   Анын ортосунда, “Акчабар” агенттигине… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул аптада аба-ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда ушул аптада аба-ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Синоптиктер билдиришкендей, 26-ноябрь жума күнү аймактарда жаан, кар жаайт. Бишкекте болсо ал күнү абанын табы 2 градустан ашпайт.   Ишембиге караган түнү үшүк жүрүшү мүмкүн. Бирок 1-декабардан тарта Бишкекте кайрадан күн жылып, абанын температурасы күндүз  +15 градуска чейин… Кененирээк…

Ошто жаңы мектеп курулууда

Ошто жаңы мектеп курулууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталат. Анда окууга бардык заманбап шарттар түзүлөт.   Курулушка 980 миң доллар Сауд өнүктүрүү фонду берген насыядан алынды. Мектеп окуучуларга каалгаларын жыл аягына чейин ачып калат деп пландалууда.

Кыргызстан быйыл төө буурчакты дүйнөнүн 22 өлкөсүнө экспорттоду

Кыргызстан быйыл төө буурчакты дүйнөнүн 22 өлкөсүнө экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 9 айында 1 миллиард 780 миллион сомго 20 миң тоннадан ашык фасоль экспорттолду.   Кыргызстандын төө буурчагы негизинен Түркия, Россия, Сербия, Македония жана Болгарияга жеткирилет.

Кыргызстан 3 азык-түлүк менен гана өзүн толук камсыздай алат

Кыргызстан 3 азык-түлүк менен гана өзүн толук камсыздай алат.   Бул тууралуу Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков жарыялады. Ал белгилегендей, өлкөдө сүт азыктары, картошка жана жашылча-жемиш гана толугу менен жетиштүү.   Калган продукция менен биз өзүбүздү 100 пайыз камсыздай албайбыз, — деди чиновник. Алсак, күнүмдүк колдонулуучу… Кененирээк…

Кыргызстанда ишканалар электр энергиясынан өчүрүлүүдө

Кыргызстанда ишканалар электр энергиясынан өчүрүлүүдө.   Мындай чара электр тармактарына күч келүүнү алдын алуу максатында киргизилди. Бул тууралуу Улуттук энерго тармактары ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Компаниядан белгилешкендей, учурга карата электр энергиясын дүңүнөн алып-саткандардын бир суткалык колдонуусу өкмөт тарабынан бекитилген көрсөткүчтөн 1,5 эсе көп болуп… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого 730 эл аралык байкоочу көз салат

Парламенттик шайлоого 730 эл аралык байкоочу көз салат.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссия маалыматына ылайык, байкоочулардын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар. Андан тышкары, бир нече мамлекеттердин элчиликтеринен өкүлдөр келет деп күтүлүүдө.   Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку… Кененирээк…