Кыргызстан быйыл төө буурчакты дүйнөнүн 22 өлкөсүнө экспорттоду

Кыргызстан быйыл төө буурчакты дүйнөнүн 22 өлкөсүнө экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 9 айында 1 миллиард 780 миллион сомго 20 миң тоннадан ашык фасоль экспорттолду.

 

Кыргызстандын төө буурчагы негизинен Түркия, Россия, Сербия, Македония жана Болгарияга жеткирилет.