Жогорку Кеңеште VII чакырылыштын депутаттары ант берип жатат

Жогорку Кеңеште VII чакырылыштын депутаттары ант берип жатат. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аларга кызматтык күбөлүк жана депутаттын төш белгисин тапшырды. Ант берүү иш-чарасынан кийин жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны өтөт. Белгилеп кетсек, парламентке 90 депутаттын ордуна 88и гана келет. Буг себеп бир мандаттуу эки шайлоо округунда… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары бүгүн төраганы шайлайт

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары бүгүн төраганы шайлайт. Учурда ага 3 талапкер бар. Муну менен бирге вице-спикер жана парламенттин курамы тандалат. Бул тууралуу 24 агенттигинен бидиришти. Белгилеп кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары алгачкы жыйынга чогулуп жатат. Биринчи сессияда эл өкүлдөрү ант берет.

Кыргызстандык балдар Македония олимпиадасында 9 медаль утту

Бишкектен сегиз, Баткен облусунун Кадамжай районунан бир окуучу математика боюнча эл аралык билим жарышында, тагыраагы, Македония олимпиадасында эки күмүш жана жети коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады. Македония олимпиадасы (FMC) дистанттык форматта уюштурулуп, анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 700дөн… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин бир жылда 73 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда бензин бир жылда 73 пайызга кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2020-жылы декабрда 37 сом 25 тыйын болсо, учурда ал 64 сом 70 тыйынга барабар. Ал эми Аи-92 маркасындагы бензиндин литри учурда 59 сомдон сатылууда, анын баасы былтыр 33 сом… Кененирээк…

БШК Биринчи май жана Свердлов округдарында кайрадан өтө турган шайлоонун чыгымдар сметасын бекитти

БШК Биринчи май жана Свердлов округдарында кайрадан өтө турган шайлоонун чыгымдар сметасын бекитти. Добуш берүүгө 18 миң 486 сом багытталат. Бул суммага керектүү нерселерди сатып алуу чыгымдары, иштерге тартылган кызматкерлердин айлыгы, операторлордун жана милиция кызматкерлеринин тамак-ашына кете турган акчалар камтылды. Эске салсак, эки шайлоо округунда… Кененирээк…

Ош шаарында жыл мыктылары аныкталды

Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Жыл мыктылары 2021» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 28-декабрда өттү. Ага Оштун мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, конкурстун жеңүүчүлөрү жана жаштар катышты. Конкурстун катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги… Кененирээк…

Бүгүнтөн тартып Россияга кирген кыргызстандыктар манжа изин тапшырып, сүрөткө түшүүгө милдеттүү

Бүгүнтөн тартып Россияга кирген кыргызстандыктар манжа изин тапшырып, сүрөткө түшүүгө милдеттүү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биздин жарандар ошондой эле наркотикалык же психотроптук каражаттарды колдонуу боюнча текшерүүдөн өтүшү керек. Белгилеп кетсек, бул нерсенин бары “Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы” мыйзамында талап кылынат. Эрежелерди аткарбагандардын Россияда… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны жер алдында сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат

Бишкекте таштандыны жер алдында сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат. Мэриянын маалыматына ылайык, үч система орнотулат, анын ар бири 4 контейнер менен жабдууланат. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул технология калдыктарды өз маалында чыгарып кетүүгө, ошондой эле таштанды аянттарынын айланасында тазалыкты сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанда номиналдык орточо айлык 19 миң 400 сомду түздү

Кыргызстанда 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында номиналдык орточо айлык 7,9 пайызга өсүп, 19 миң 400 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылат. Анын ортосунда, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында реалуу маяна былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу 2,6 пайызга төмөндөдү.

БШК алты партиянын талапкерлерин депутат катары каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы алты партиянын талапкерлерин депутат катары каттады. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча алты партияга мандат берилет. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 депутаттын ордуна 88и келет. Буга себеп бир мандаттуу эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы көп добуш алган. Эми аларда… Кененирээк…