Кыргызстанда бензин бир жылда 73 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда бензин бир жылда 73 пайызга кымбаттады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин

баасы 2020-жылы декабрда 37 сом 25 тыйын болсо, учурда ал 64 сом 70 тыйынга барабар.

Ал эми Аи-92 маркасындагы бензиндин литри учурда 59 сомдон сатылууда, анын баасы

былтыр 33 сом болчу. Ошондой эле кескин кымбаттоо дизелдик отунга дагы тиешелүү.

Алсак, былтыр анын литри 34 сом 50 тыйын болсо, бүгүнкү күндө 57 сом 80 тыйындан

сатылууда. Муну менен дизелдик отун 67 пайызга наркын жогорулатты.