БШК алты партиянын талапкерлерин депутат катары каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы алты партиянын талапкерлерин депутат катары каттады.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча алты партияга мандат берилет. Кыргызстанда

парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке

90 депутаттын ордуна 88и келет. Буга себеп бир мандаттуу эки шайлоо округунда

«баарына каршы» графасы көп добуш алган. Эми аларда кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Партиялык тизмеден 54 жана бир мандаттуу округдан 36 депутат дайындалат.