Бишкекте таштандыны жер алдында сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат.
Мэриянын маалыматына ылайык, үч система орнотулат, анын ар бири 4 контейнер менен
жабдууланат. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул технология калдыктарды өз
маалында чыгарып кетүүгө, ошондой эле таштанды аянттарынын айланасында
тазалыкты сактоого мүмкүнчүлүк берет.