Россияда мыйзамсыз иштеген мигранттар 1-январдан тартып өлкөдөн чыгарылат

Россияда мыйзамсыз иштеген мигранттар 1-январдан тартып өлкөдөн чыгарылат. Аларга иш бергендерди дагы жоопко тартуу пландалууда. Ички иштер министрлигинин сайтында айтылгандай, мигранттар үчүн кабыл алынган жеңилдиктин мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Андыктан, иштөө үчүн уруксат кагазы жоктор 2 күндүн ичинде ички иштер органдарына кайрылышы керек. Бул жумуш берүүчүлөргө… Кененирээк…

Жаңы жылдан кийинки узак эс алуу учурунда Кыргызстандагы калкты каттоо борборлору дагы жабык болот

Жаңы жылдан кийинки узак эс алуу учурунда Кыргызстандагы калкты каттоо борборлору дагы жабык болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 1-январдан 9уна чейин өлкө боюнча дем алыш деп жарыялангандыктан ЗАГС бөлүмдөрү дагы бул күндөрү иштебейт. Калкты каттоо борборлору жана ЗАГС бөлүмдөрү ишин кайрадан 10-январда жандантат. Андан улам,… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары бүгүн биринчи отурумга чогулат

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары бүгүн биринчи отурумга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, саат 11де Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары ант берет. Кошумчаласак, парламентке «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман нуру» партияларынан 54 талапкер депутат болуп барат. Андан тышкары, бир… Кененирээк…

Маданият министринин жаңы орун басары дайындалды

КР министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Надырбеков Союзбек Надырбекович КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Буга чейин, Союзбек Надырбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары болуп… Кененирээк…