Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары бүгүн биринчи отурумга чогулат

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары бүгүн биринчи отурумга чогулат.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 11де Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын

депутаттары ант берет. Кошумчаласак, парламентке «Ата-Журт Кыргызстан»,

«Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман нуру»

партияларынан 54 талапкер депутат болуп барат. Андан тышкары,

бир мандаттуу округдан 34 талапкер өттү. Ал эми Бишкектеги эки

шайлоо округунда шайлоо өткөн жок деп таанылгандыктан, талапкерлер

27-февралда кайрадан шайланат. Муну менен 7-чакырылышта 90 депутат болот.