Жаңы жылдан кийинки узак эс алуу учурунда Кыргызстандагы калкты каттоо борборлору
дагы жабык болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 1-январдан
9уна чейин өлкө боюнча дем алыш деп жарыялангандыктан ЗАГС бөлүмдөрү дагы
бул күндөрү иштебейт. Калкты каттоо борборлору жана ЗАГС бөлүмдөрү ишин кайрадан
10-январда жандантат. Андан улам, жарандар документтерин каттоо жана аларды
алуу маселелерин алдыдагы узак дем алышка карата чечип алышы зарыл.