Россияда мыйзамсыз иштеген мигранттар 1-январдан тартып өлкөдөн чыгарылат.
Аларга иш бергендерди дагы жоопко тартуу пландалууда. Ички иштер министрлигинин
сайтында айтылгандай, мигранттар үчүн кабыл алынган жеңилдиктин мөөнөтү
31-декабрда аяктайт. Андыктан, иштөө үчүн уруксат кагазы жоктор 2 күндүн ичинде
ички иштер органдарына кайрылышы керек. Бул жумуш берүүчүлөргө дагы тиешелүү.
Мыйзамсыз иштегендерге 5 миң рублга чейин айып салынып, Россия аймагына
кирүүгө тыюу салынат. Ал эми жумуш берүүчүлөргө 800 миң рублга чейин айып тагылат.