Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрдын аягында Түркиянын Изник шаарында өтөт. Учурда уюштуруу иштери башталды.

 

Иш-чарага 74 мамлекеттен 2 миң 50 спортчунун катышуусу күтүлүүдө, — деп билдирди Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев.

 

Ачылыш жана жабылыш аземдерине Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылды.

 

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.