Жалал-Абадда аз камсыз үй-бүлөлөргө ун таратылды.
Шаардык мэриядан маалым болгондой, аймакта каттоодо турган 2 миң 282 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди.
Белгилеп кетсек, мамлекеттик материалдык резервдер фонду Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 3 миң тоннадан ашык ун таратат.