Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын алып бүттү.
“Азаттык” энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге таянып жазгандай, товар алмашуу жолу менен 700 миллион кВт/саат электр энергиясын берүү токтотулду.
Маалыматка ылайык, Казакстандан алына турган 900 миллион кВт/саат жарыктын 120 миллион кВт/сааты гана калды.
Ал ушул тапта дагы берилүүдө. Кыргызстан Түркмөнстандан да 2 миллиард 800 миллион кВт/саат токту импорттоп жатат.
Энергетиктер белгилешкендей, өлкө быйыл кыштан эч кандай чектөөсүз чыгат.