Жазында Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор туруктуу аба каттамы ачылышы күтүлүүдө

 

Жазында Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор туруктуу аба каттамы ачылышы күтүлүүдө.

 

Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын мартында жумасына бир жолу каттаган түз туруктуу аба каттамды ачуу пландалууда.

 

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, эгер коронавирустук инфекция боюнча кырдаал жакшырса, каттамдардын санын көбөйтүлөт.

 

Эске салсак, эки өлкөнүн авиакомпанияларынын кызматташууусу былтыр чартердик каттамдардын аткарылышы менен башталган.