Ноокат районунда кирпич заводу ачылды

Ноокат районунда кирпич заводу ачылды. Novosti.kgге райондун акими Данир Иманалиев билдиргендей, ишканага 13 миллион сом сарпталды.   Бул жерде жумасына 140 миң бышкан кирпич чыгарылат.   Заводдо 40ка чукул киши жумуш менен камсыз болду. Белгилеп кетсек, ишкананын курулушу эки жыл мурун жеке ишкер тарабынан башталган.

Кыргызстандагы мектептердин курулушун каржылап жаткан Сауд өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү быйыл жыйынтыкталат

Кыргызстандагы мектептердин курулушун каржылап жаткан Сауд өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү быйыл жыйынтыкталат.   Мамлекеттик ахритектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, аталган фонддун эсебинен сентябрга чейин 20га жакын мектеп пайдаланууга берилет.   Эске салсак, чет элдик фонд менен мектеп куруу боюнча мамлекеттер аралык келишимге 2017-жылы кол коюлуп,… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 75 мектептин курулушу пландалууда

Кыргызстанда быйыл 75 мектептин курулушу пландалууда.   Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, анын 15и жаңыдан салынат. Калганы калыбына келтирилет.   Мектептерди курууга жалпысынан 2 миллиадр 448 миллион сомго жакын керектелет.   Ал эми ушул айдын аягына чейин Бишкектеги 225 орундуу №16чы жана Чүй облусунун… Кененирээк…

Криштиану Роналду “ПСЖга” өтүшү мүмкүн

Англиялык “Манчестер Юнайтеддин” жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду “ПСЖга” өтүшү мүмкүн. Бул жакында Париж клубун машыктыра  турган Зинедин Зидандын талабы.   Эске салсак, Зидан Роналду менен иштеген “Реалдан” кеткенден бери жумушсуз отурат. Ал эми 36 жаштагы футболчу ушул сезондун аягына чейин “Манчестер” менен келишим… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын  1 миллион 104 миң 371 адам алды

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын  1 миллион 104 миң 371 адам алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул эмдөө ала турган жалпы жарандардын 49 пайызын түзөт.   Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2 миллиондон ашык, же калктын    70 пайызын эмдөө керек. Ведомстводон белгилешкендей,… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы сквер пайда болот

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы сквер пайда болот. Мэриядан бизге билдиришкендей, жашыл аймак алдына Ашар жана Арабаев көчөлөр кесилишинде  2 гектар жер тилкеси бөлүндү.   Анда тротуарлар, вело жолчолор, отургучтар, балдар аянтчасы жана спорт аянттары каралган. Белгилеп кетсек, жыл аягына чейин ордо калаанын Ленин районунда жалпысынан… Кененирээк…

Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүүгө Кытай каражат бөлүп берди

Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүүгө Кытай каражат бөлүп берди. Мэрия маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына каражат бөлүү макулдашылган.   Ордо калаанын батыш тарабындагы кире беришин көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань же дээрлик 8 миллион сом бөлүндү.   Бул суммага сквер курулуп,… Кененирээк…

Кыргызстанда адвокаттар күнү белгилениши мүмкүн

Юстиция министрлиги 1-мартты расмий түрдө жактоочулар күнү катары белгилөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдирди. Маалыматка караганда, быйыл Кыргызстанда адвокаттык кесиптин түптөлгөнүнө 97 жыл болот. «Бул тууралуу архивдик документтерде айтылган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда жактоочулардын алгачкы коллегиясы 1925-жылдын 1-мартында өткөн. Архивде 1924-1926-жылкы облустук соттордун протоколдорун көрүүгө… Кененирээк…

Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Швеция алдыга чыкты

Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Швеция алдыга чыкты. Анын капчыгында 3 алтын медаль бар. Экинчи орунда 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалы менен Россия келе жатса, үчүнчүдө 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалы менен Нидерланды курамасы келе жатат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Түркиянын Анталья шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды

Түркиянын Анталья шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.   Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, айкел Гузелобан районундагы эс алуу бактарынын биринде жайгашат. Залкар жазуучунун эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине Антальянын вице-мэри жана Кыргызстан чиновниктери, маданият өкүлдөрү катышты.