Бишкекте «Түндүк» райондук электр тармагы ачылды

Бишкекте “Түндүк электр” ишканасынын жаңы Түндүк райондук электр тармактары ачылды.

 

Компаниянын басма сөз кызматынан маалым болгондой, өнөр жай объектилеринин, жаңы конуштардын пайда болушу, орто жана чакан бизнес инфраструктураларынын өнүгүшү менен ордо калаанын түндүк тарабында абоненттердин сааны өсүүдө.

 

Буга байланыштуу жаңы ишкана куруу зарылчылыгы келип чыкты.