Samsung компаниясы жаңы смартфондорун таштандыдан жасай турганын жарыялады

Samsung компаниясы жаңы смартфондорун таштандыдан жасай турганын жарыялады. Алсак, Galaxy S22 телефондорунун бир бөлүгү кайра иштетилген таштандыдан турат.   Бул үчүн океандын түбүндө табылган балык улоочу тармактар колдонулат. Муну менен корпорация айлана-чөйрөнү булгоого каршы күрөшүү ниетинде. Аталган флагмандык смартфондор ушул айда жалпы сатыкка чыгарылат.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды. 372 чарчы метр имараттын курулушу былтыр октябрь айында башталган. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар.   Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. “Манас” аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеевдин айтымында, 2021-жылы “Ысык-Көл” аба майданында жүргүнчүлөрдү ташуу… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш унаалардын терезелерин акы төлөө жолу менен караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш унаалардын терезелерин акы төлөө жолу менен караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырды. Жаңычылдыкка   77 депутат макул болсо, каршы болгондордун саны 6 гана болду. Мыйзам долбоору парламенттин дагы эки окуусунан өтүшү керек.   Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда унаалардын терезелерин… Кененирээк…