“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды. 372 чарчы метр имараттын курулушу былтыр октябрь айында башталган. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар.

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. “Манас” аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеевдин айтымында, 2021-жылы “Ысык-Көл” аба майданында жүргүнчүлөрдү ташуу дээрлик 7 эсеге өскөн. Буга байланыштуу жаңы күтүү залынын имаратын куруу чечими кабыл алынган.