Жогорку Кеңеш унаалардын терезелерин акы төлөө жолу менен караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырды. Жаңычылдыкка 77 депутат макул болсо, каршы болгондордун саны 6 гана болду. Мыйзам долбоору парламенттин дагы эки окуусунан өтүшү керек.
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда унаалардын терезелерин 30-50 миң сомго караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады.