Баткенде ата-энесиз 10 балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди
Баткенде ата-энесиз 10 балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жер Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндөгү балдар үчүн бөлүндү. Мыйзамга ылайык, ата-энесиз жана камкордуксуз калган жашы жете электерге турак жай же жер тилкелери кезексиз берилет.