Өкмөт Россия менен темир жол байланышынын жанданышы боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөт Россия менен темир жол байланышынын жанданышы боюнча түшүндүрмө берди.   Маалыматка ылайык, учурда 21-февралдан тартып Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу транзитин калыбына келтирүүгө казак тараптын макулдугу болду.   Бирок азырынча Россиянын макулдугу жок. Унаа жана жолдор министрлиги бул… Кененирээк…

Дыйкандарды жеңилдетилген насыялоонун дагы бир программасы иштелип жатат

Дыйкандарды жеңилдетилген насыялоонун дагы бир программасы иштелип жатат.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Азиз Аалиев билдирди.   Ал белгилегендей, мамлекеттик банктар жакынкы күндөрү “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында жылдык 6 пайыз үстөк менен насыя бере башташат.   Ал эми насыялоонун… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин жакшыртууга 250 миллион сом бөлөт

Дүйнөлүк банк Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин жакшыртууга 250 миллион сом бөлөт.   Түштүк калаа мэриясынан маалым болгондой, экинчи этаптын алкагында Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүнө чейинки жээк тилкесинин бир бөлүгүн оңдоо пландалууда.   Долбоор ушул жылдын күзүндө башталары күтүлүүдө.

Быйыл өлкө аймагындагы 1 миң 130 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда

Быйыл өлкө аймагындагы 1 миң 130 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда.   Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал үчүн 6 миллиондон ашык көчөт даярдалды.   Белгилеп кетсек, былтыр республикалык токой аянттарын көбөйтүү максатында дээрлик 700 гектар аянтка көчөт отургузулган.   Кыргызстанда 2022-жыл — “Тоо экосистемаларын… Кененирээк…

Израилдеги фермерлердин үй-бүлөсү дүйнөдөгү эң чоң кулпунайды өстүрүштү

Израилдеги фермерлердин үй-бүлөсү Гиннестин рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң чоң кулпунайды өстүрүштү.   Салмагы 289 грамм айланасы 34 сантиметр болгон мөмө Илан сортуна кирет.   Эске салсак, буга чейин 2015-жылы Япониянын Фукуока префектурасында өстүрүлгөн 250 грамм салмактагы кулпунай рекорд деп эсептелген.

Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыздай алат

Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен толук 2026-жылы гана камсыздай алат.   Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.   Ал белгилегендей, учурда өлкө өзүн май менен 20 пайызга жетпеген көлөмдө гана камсыздап жатат.   Белгилеп кетсек, былтыр жыл башынан бери күн карама майынын баасы… Кененирээк…

Кыргызстанда 26-февраль, ишемби жумуш күнү болот

Өлкөдө 26-февраль, ишемби жумуш күнү болот.   Эмгек жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 23-февраль, шаршемби өлкөдө эс алуу күнү, Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет.   Ал эми 24, 25 жана 26-февраль жумуш күндөрү.   Эске салсак, кийинки аптадагы ишембинин эсебинен биз январь айындагы майрам күндөрү эс… Кененирээк…

Быйыл дыйкандарга 41 миң тонна күйүүчү май керектелет

Быйыл дыйкандарга 41 миң тонна күйүүчү май керектелет.   Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, Кыргызстанда анын 56 пайызы бар.   Калганын министрлик мунай ташуучулар менен келишим түзүп, элди бензин менен камсыздай турганын билдирди.   Ал эми буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов быйыл… Кененирээк…

Бишкек шаарындагы № 76 мектеп реконструкцияланат

Бишкек шаарындагы № 76 мектеп реконструкцияланат.   Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган орто мектепти калыбына келтирүүгө тендер жарыялады.   Курулушка 113 миллион 300 миң сомдон ашык сарптоо пландалууда.   Эске салсак, билим берүү мекемеси үч жыл мурун капиталдык оңдоого жабылып, анын окуучулары башка мектептерге… Кененирээк…

Социалдык жактан аялуу катмарга кирген үй-бүлөлөр үчүн күн батареяларын орнотуу пландалууда

Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу катмарга кирген үй-бүлөлөр үчүн күн батареяларын орнотуу пландалууда.   Өкмөттөн маалым болгондой, долбоорду Министрлер кабинети Дүйнөлүк банк менен талкуулап жатат.   Эске салсак, жаңы жылдан тарта бийлик аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электр энергиясынын тарифин 1 кВт саатына… Кененирээк…