Кыргызстанда бир айда 30 миллион 500 миңден ашык жумуртка өндүрүлдү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 миллион 680 миңге көп.
Белгилеп кетсек, жумуртка өндүрүүнүн өсүшү республиканын бардык аймактарында болду.
Ошол эле учурда, министрлик канаттуулардын саны былтыркыга салыштырмалуу 146 миң 400 башка азайганын билдирди.