Баткенде 1-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу түрдө окуп баштады

Баткенде 1-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу түрдө окуп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 173 мектеп салттуу түрдө билим берүүгө өттү. Анын ичинен 107 мектепте 1-класстар гана кабыл алынса, 58 мектепте 1-5,9,11 класстардын окуучулары да окуу жайга барып баштады. 60 мектепке иштөөгө уруксат берилген жок. Алардын окуучулары билимди аралыктан алып  жатат.