Энергетиктер жарыкты үнөмдөөгө чакырат

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азайып жаткандыктан, энергетиктер жарыкты үнөмдөөгө чакырат.   Маалыматка ылайык, учурга карата өлкөнүн башкы резервуарында 8 миллиард 339 миллион кубометр суу бар.   Бул эң аз көрсөткүч болуп эсептелет.   Өткөн жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу, бул 1 жарым миллиард… Кененирээк…

Бирдиктүү салык декларациясын 70 миңден ашык адам тапшырды

Бирдиктүү салык декларациясын 70 миңден ашык адам тапшырды.   Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактар ​​1-мартка чейин, жеке жактар ​​1-апрелге чейин отчет бериши керектигин эскертет.   Документтерде өткөн жыл ичинде алынган кирешелер, чарбалык ишмердүүлүк, мүлк жана жер тилкелери жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет

Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн аймакта өткөн өкмөттүн көчмө жыйынында жарыялады.   Ал кошумчалагандай, былтыркы жылдан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акысы 70 пайызга жогорулады.   Ал эми быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана… Кененирээк…

Мугалимдерди мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Мугалимдерди мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды.   Жогорку Кеңеш пелагогдорго адепсиз мамиле жасагандарга чара көрүү камтылган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.   Эгер мыйзам кабыл алынса 2 же 3 миң сом айып салынат.   Мындай жорук кайталанса чоңдор 5 миң сом айып төлөйт же 3 күндөн… Кененирээк…

Минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Өлкөдө минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул токтом жазгы талаа жумуштары мезгилинде айыл чарбасын өз убагында жана жеткиликтүү жер семирткичтер менен камсыздоого багытталды.   Тыюу салуу алты айга убактылуу киргизилди.

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын дээрлик 3 миллион евродон насыя төлөйт

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын дээрлик 3 миллион евродон насыя төлөйт.   Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.   Былтыр кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 миллион еврону насыя, ал эми 8 миллионду грант түрүндө берет.  … Кененирээк…

Баткендеги аз камсыз 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Баткендеги аз камсыз 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди.   Эмгек министрлигинен билдиришкендей, акча грант түрүндө бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн.   Программанын максаты жакыр үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү.   Белгилеп кетсек, бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда – Кадамжай жана Жумгалда… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 180ден ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 180ден ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык,  60тай машине жүккө байланыштуу документтерди күтүп жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, жүк ташуучу унаалар Казакстанга “Кең-Булуң” өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болот.   Эки өлкөнүн чек арасында… Кененирээк…

Баткенде апрель айындагы чек ара жаңжалында элден 123 миллион сом чогулду

Баткенде апрель айындагы чек ара жаңжалында элден 123 миллион сом чогулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.   Анын айтымында, каражатты бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, куралдуу кагылышта жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү үчүн курулуш компанияларына 90 миллион сом которулду.   Ал эми жараат… Кененирээк…

Мартта кыргызстандыктар кошумча 2 күн эс алат

Мартта кыргызстандыктар кошумча 2 күн эс алат. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 8-март  — Аялдардын эл аралык күнү шейшембиге туш келет. Ал эми Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туура келип, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.   Ошол эле учурда 26-март, ишемби, иш күн. Себеби 26-марттын эсебинен   6-январь… Кененирээк…