Баткенде жардамга муктаж 2 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам катары ун берилди.
Буга чейин да 2 миңден ашык үй-бүлөгө бир каптан ун таратылган.
Гумжардам шаар тургундарына министрлер кабинетинин тапшыруусу боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүштүрүлөт.
Жалпысынан облуска 102 тонна 700 кг ун келди.