Экономика министрлиги иштин 13 түрүн кассалык машиналарды колдонуудан бошотууну сунуштоодо.
Алардын ичинде, баалуу кагаздарды сатуу, поезддерде жана учактарда тамак-аш сатуу, кол менен ташылуучу жүк кызматтары кирет.
Мындан тышкары, 11 ишмердүүлүккө ККМ киргизүүнү кийинкиге калтыруу сунушталууда.
Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.