Шайлоо жараяндарына аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат

Шайлоо жараяндарына аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат.

 

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов эскертти.

 

Ал белгилегендей, бир дагы чиновник шайлоого үгүт жүргүзө албайт.

 

Мындай факт аныкталса ким болбосун чара көрүлөт.

 

Белгилеп кетсек, Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында ушул жекшемби шайлоо өтөт.

 

Бул эки аймакта былтыркы жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” графасы алдыга чыгып, кайра добуш берүү дайындалган.