Ысык-Көлгө Россиядан арпанын элиталык үрөнү келди.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей,
Балыкчы станциясына жаздык арпанын үрөнүнүн алгачкы 3 вагону жеткирилди.
Маалыматка ылайык, 200 тонна үрөн облустагы Ысык-Көл жана Түп райондорунун үрөн чарбаларына жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө лабораториялык анализден өткөндөн кийин таратылат.