Биринчи класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат

Биринчи класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Тагыраагы, 11-апрелден 27-июнга чейин мыйзамдуу жашаган, 27-июндан 10-августка чейин иш жүзүндө жашаган жери боюнча. Муниципалитет арыз берген ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык… Кененирээк…

“Салык сервис” мамлекеттик мекемесин түзүүгө 257 миллион сом бөлүнөт

“Салык сервис” мамлекеттик мекемесин түзүүгө 257 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы ишкана салык кызматындагы маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздап, салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Айыл чарба жерлерин пайдалангандар 3 жылга жер салыгынан бошотулду

Айыл чарба жерлерин пайдалангандар 3 жылга жер салыгынан бошотулду. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленди. Мындай чечим айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт

Бийлик Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алат

Бийлик Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алат. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаевдин аталган банктын директорлор кеңешинин аткаруучу директору Ариф Бахарудин менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, тараптар 2 жылга пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржы мекемеси тарабынан жардам берүү маселелерин талкуулашты

Кыргызстанда эртеңки ишемби иш күнү болот

Кыргызстанда эртеңки ишемби иш күнү болот. Белгилеп кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын дем алыш күндөрүн жылдыруу токтомуна кол койгон.   Ага ылайык, эс алуу күндөрүн оптималдаштыруу максатында  26-март үчүн  6-январда эс алуу жарыяланган болчу. Демек, 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу үчүн босого упайлар аныктала элек

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу үчүн босого упайлар аныктала элек. Анын себеби тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Быйыл кандай болот, аны кантип аныктайт – министрлик кайсы босого упайды аныктайт, азырынча айта албайбыз. Жогорку окуу жайларда… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын расмий куну дагы төмөндөп жатат

Кыргызстанда доллардын расмий куну дагы төмөндөп жатат. Улуттук банк валютанын расмий курсун бекитти. Ага ылайык, доллар дээрлик 3 пайызга арзандап, 96 сом 50 тыйын деп орнотулду.   Ал эми коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 92 сом 50 тыйындан сатып алып,… Кененирээк…

“Ливерпулдун” форварды Мохаммед Салах “Ювентуска” өтүшү мүмкүн

“Ливерпулдун” форварды Мохаммед Салах “Ювентуска” өтүшү мүмкүн. Туриндик клуб Салахка жайкы трансфер мезгилинде командага кошулууну сунуштады. “Ювентус” болсо июнда клубдан аргентиналык Пауло Дибаланын кетип жатканы үчүн башка күчтүү форвардды активдүү издеп баштады.   Футболчунун трансфердик баасы такталган жок.

Кытайда ресторанда арык адамдар үчүн арзандатуулар берилет

Кытайда ресторанда арык адамдар үчүн арзандатуулар берилет. Жетекчилер кире бериште атайын рамка орнотушкан, ал аркылуу өтө алгандар бонустарга ээ болот.   Алсак, 15 сантиметрлик аралыктан өтө алган адам акысыз тамактана алат,  18 сантиметрден өтсө – 15 кружка суусундук берилет. Бирок 30 сантиметр аралыктан өткөндөргө эч… Кененирээк…

Калкты каттоо социалдык-экономикалык жана саясий маанилүү процедура

Калкты каттоо социалдык-экономикалык жана саясий маанилүү процедура. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.   Анын айтымында, статистика бюджетти түзүүдө жана социалдык-экономикалык программаларды, өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууга талап кылынат. Чогултулган маалыматтардын жыйынтыгы менен өлкөнүн ар бир калк жашаган түйүнүндөгү жарандардын муктаждыктары белгилүү… Кененирээк…