Кыргызстанда доллардын расмий куну дагы төмөндөп жатат. Улуттук банк валютанын расмий курсун бекитти. Ага ылайык, доллар дээрлик 3 пайызга арзандап, 96 сом 50 тыйын деп орнотулду.
Ал эми коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 92 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 94-95 сомго сатышууда.
Рублдун расмий куну дагы эле сомдон арзан – 97 тыйын.