Биринчи класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат

Биринчи класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, каттоо эки этап менен жүргүзүлөт.

Тагыраагы, 11-апрелден 27-июнга чейин мыйзамдуу жашаган, 27-июндан 10-августка чейин иш жүзүндө жашаган жери боюнча.

Муниципалитет арыз берген ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номерисиз биринчи класска каттоого мүмкүн эместигин эскертти.