Калкты каттоо социалдык-экономикалык жана саясий маанилүү процедура

Калкты каттоо социалдык-экономикалык жана саясий маанилүү процедура. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

 

Анын айтымында, статистика бюджетти түзүүдө жана социалдык-экономикалык программаларды, өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууга талап кылынат. Чогултулган маалыматтардын жыйынтыгы менен өлкөнүн ар бир калк жашаган түйүнүндөгү жарандардын муктаждыктары белгилүү болот.

 

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо бүгүн старт алды.