Кыргызстанда эртеңки ишемби иш күнү болот. Белгилеп кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын дем алыш күндөрүн жылдыруу токтомуна кол койгон.
Ага ылайык, эс алуу күндөрүн оптималдаштыруу максатында 26-март үчүн 6-январда эс алуу жарыяланган болчу. Демек, 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар бул ишембиде жумушка чыгат.