Орозо кармагандар деле эмдөөдөн өтсө болот

Орозо кармагандар деле эмдөөдөн өтсө болот. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан такташкандай, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Ал эми коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыккандар орозо кармаганга болбойт. Эске салсак, Рамазан айы быйыл 2-апрелде башталат.

Жалал-Абад шаарындагы аэропорт көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы аэропорт көчүрүлөт. Бизге шаар мэри Эрнис Ормоков билдиргендей, аба майдан Сузак же Ноокен районуна жайгаштырылат. Бул иштер калаанын 2040-жылга чейинки башкы планынын негизинде аткарылат. Анын алкагында, аймактын аянты Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс айылдарынын эсебинен дээрлик 8 миң гектарга кеңейтилет.

Өтмөк ашуусу толугу менен ачылды

Өтмөк ашуусу толугу менен ачылды. Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда бардык унаалар өткөрүлүп жатат. Эске салсак, көчкүлөрдү атып түшүрүү ишине байланыштуу кечээ аталган ашуу убактылуу жабылган. Бирок көчкү түшкөн эмес.

Ысык-Көлдө 200 орундуу тихүү цехи ачылды

Ысык-Көлдө 200 орундуу тихүү цехи ачылды. Облусту өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, Тоң районундагы ишкананын ачыл­ышына аталган фонд 10 миллион сом пайы­зсыз насыя бөлгөн. Маалыматка ылайык, учурда цехте 90 киши иштеп жатат. Алардын орточо айлык маяналары 25-35 миң сомду түзөт. Ал эми буйрутмалардын басымд­уу бөлүгү Россиядан келет.

Улуттук банк каржы рыногунан 5 миллион 400 миң доллар сатып алды

Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 5 миллион 400 миң доллар сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен такташкандай, валюталардын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда доллар улам арзандап жатат. АКШ валютасынын соңку… Кененирээк…