Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 5 миллион 400 миң доллар сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен такташкандай, валюталардын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда доллар улам арзандап жатат.
АКШ валютасынын соңку бир күн ичинде сомго карата Улуттук банк орноткон расмий куну дээрлик 7 пайызга төмөндөдү.