Ысык-Көлдө 200 орундуу тихүү цехи ачылды.
Облусту өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, Тоң районундагы ишкананын ачылышына аталган фонд 10 миллион сом пайызсыз насыя бөлгөн.
Маалыматка ылайык, учурда цехте 90 киши иштеп жатат.
Алардын орточо айлык маяналары 25-35 миң сомду түзөт.
Ал эми буйрутмалардын басымдуу бөлүгү Россиядан келет.