Жалал-Абад шаарындагы аэропорт көчүрүлөт.
Бизге шаар мэри Эрнис Ормоков билдиргендей, аба майдан Сузак же Ноокен районуна жайгаштырылат.
Бул иштер калаанын 2040-жылга чейинки башкы планынын негизинде аткарылат.
Анын алкагында, аймактын аянты Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс айылдарынын эсебинен дээрлик 8 миң гектарга кеңейтилет.