Жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 350 миллион сом бөлүнөт

Кыргызстандагы жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 350 миллион сом бөлүнөт. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн каражат бөлүүнү Каржы министрлигине тапшырды.

 

Ошондой эле тармактык ведомстволорго шаардын 20 пилоттук башкы планын иштеп чыгуу, чек арадагы калктуу пунктулардын башкы пландарын бүткөрүү тапшырылган.