ИИМдин Оштогу өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору 50 миң долларга оңдолду

Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгына караштуу өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору 50 миң долларга оңдолду.

 

Оңдоо иштеринин алкагында жылуулук, суу жана электр менен жабдуу системалары калыбына келтирилип, эмеректер жана IT жабдуулар жеткирилди.

 

Ремонтту Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү жана чет элдик уюм каржылады.