Бишкектин борбордук бөлүгүндө эртең таза суу жок болот
Бишкектин борбордук бөлүгүндө эртең таза суу жок болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин таза суу Панфилов, Фрунзе көчөлөрүн, Манас проспектисин жана темир жолду бириктирген бөлүктө жок болот. Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.